Жээнчороев: Модин менен Маевский жоопко тартылсын (видео)

Текебаев менен Чотоновдун соту учурунда сырттагы акция

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге жалаа жаап, аны 1 млн. доллар алган деп айыптап жаткан эки чет өлкөлүк жаран Модин менен Маевский да жоопко тартылууга тийиш деп белгиледи.

- Модин менен Маевский Текебаевге 1 млн. доллар пара бергени анык болсо, аны эки бөлүп, өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен алып киргени үчүн эмне үчүн жоопко тартылбайт? Текебаев коррупцияга айыпталып, түрмөдө жатса, анда эмне себептен Модин менен Маевский сыртта жүрөт? Алар да бул ишке катышы бар катары жоопко тартылууга тийиш болчу.

Мирлан Жээнчороев Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайларды карап, ага көңүл буруусун соттон талап кылды.

Бүгүн парламенттин "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата-Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынын өкүлдөрү, депутат Жанар Акаев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайларга соттун көңүл бурушун талап кылышты. Алар тергөө убагында жабырлануучу катары өткөн чет өлкөлүк жарандар Модин менен Маевскийдин көрсөтмөлөрү жалган экенин сот, прокуратура билип туруп, көз жуумп койгонун, тиешелүү далилдерге көңүл бурбаганын белгилешүүдө.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "Орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Текебаев жана Чотонов, алардын тарапташтары бул ишти саясий куугунтук деп эсептешет. (ZKo)