Венесуэлада президенттик шайлоо өтүүдө

Николас Мадуро

Венесуэлада президентти шайлап жатышат. Азыркы мамлекет башчы, солчул Николас Мадуро дагы алты жыл бийликте калат деп күтүлүүдө. Көпчүлүк талдоочулар оппозиция бойкоттогон өнөктүккө добуш берүүчүлөр аз катышат деп болжолдошот. АКШ, Евробиримдик, Латын Америкадагы 14 өлкө шайлоону сындап, бурмалоолорго жол берилиши ыктымал деп келатышат.

55 жаштагы Мадуродон тышкары дагы үч талапкер ат салышууда. Бирок алардын мүмкүнчүлүктөрү төмөн бааланууда. Оппозициядагы Демократиялык биримдик коалициясы шайлоочуларды өнөктүктү бойкоттого чакырган.

Мадуро өзүн буга чейинки президент Уго Чавестин мураскери деп атап келет. Бир кездери мунай өндүргөн бакубат Венесуэла ушул тапта экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. Дүйнөлүк валюта фондунун маалыматы боюнча быйыл инфляция 13 миң процентке жетет, экономикасы15 процентке төмөдөйт деп күтүлүүдө.