Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түркияда өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) саммитинде Газа секторундагы соңку кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.
- Кыргызстан абалдын кескин курчуп жана Газа секторундагы протесттердин натыйжасында көп сандаган жөнөкөй жарандардын өлтүрүлгөнүнө жана жарадар болгонуна байланыштуу өтө тынчсызданып жатат.
Түркиянын Стамбул шаарында ИКУнун кезексиз жыйыны өтүп, анда Газа тилкесиндеги соңку абал талкууланды.
Ислам Кызматташтык Уюму – 57 ислам өлкөсүнүн башын бириктирген эл аралык уюм. Кыргызстан ага 1992-жылдын 1-декабрынан бери мүчө.
14-майда АКШ президенти Дональд Трамптын чечими менен Кошмо Штаттардын элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө каршы чыккан палестиндерге чек арада Израил тараптан ок атылган.
Акыркы маалыматтарга караганда, чек арадагы кагылышта 60тан ашык палестиндик каза таап, 2800дөн көбү жарадар болду.