Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы талкууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Бишкекте Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын талкуулашты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, министрдин орун басары Динара Кемелова БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын кеңсесинин башчысы Эндрю Гилморду кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланып, анын катышуучулары адам укуктарын сактоо багытында байланыш мындан ары да бекемделээрине ишенээрин айтышты.

Кемелова Кыргызстан демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн жактаган өлкө экенин белгилеп, айрыкча социалдык жана экономикалык укуктарды коргоо жагынан Кыргызстанга жардам берүүнү улантуунун маанилүүлүгүн кошумчалады. (RK)