«Республика - Ата Журт» айыл чарбасынын абалын талкуулайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясы айыл чарба тармагынын абалын талкуулайт.

Фракциянын бүгүнкү жыйынына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, финансы министри Адылбек Касымалиев чакырылган.

Алар айыл чарбасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу тууралуу маалымат беришет. (NT)