Елена Малаховская полиция аны 17-майда Москвадагы үйүнүн жанынан кармаганын "Твиттер" баракчасы аркылуу билдирди.
Малаховская орусиялык оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Алексей Навальныйдын интернет телеканалынын диктору болчу.
Навальныйдын антикоррупциялык корунун юристи Иван Ждановдун билдиргенине караганда, бийликтер Малаховскаяны адамдарды уруксат берилбеген демонстрацияга чыгууга үндөгөн деп айыптоодо.
Малаховская Орусиянын шаарларында 5-майда өткөн нааразылык жыйындарын чагылдырган. Алардын жүрүшүндө 1600дөй адам, анын ичинде Навальныйдын өзү да кармалган.
Демонстрациялар президент Владимир Путинге каршы ал президенттигинин төртүнчү мөөнөтүнө расмий киришерден эки күн мурда болгон.
15-майда Навальныйдын өзү отуз күнгө абакка кесилген эле. Москванын Тверь райондук соту оппозициячыл саясатчы коомдук жыйындарды уюштуруунун эрежесин бузганы үчүн күнөлүү деп тапкан.
Ал мурдараак президент Путиндин төртүнчү мөөнөтүн “шайлоо эмес, дайындоо” деп сыпаттап келген. (UE)