Артыкбаев ЖЭБ тууралуу: Чечим кабыл алгандар эмес, аткаргандар айыпталууда (видео)

Осмонбек Артыкбаев.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев ЖЭБ чуусуна байланыштуу маселеде чечим кабыл алгандар эмес, аны аткаргандар айыпталып жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

- Мындай чоң маселени чечкендер – аткаргандар эмес, чечүүчү укугу бар адамдар. Ошонун негизинде бардык кызматкерлер айтылган ишти, ролун аткарышкан. Тилекке каршы, бүгүн чечкен адамдар жооп бербей, аткарган адамдар күнөөгө кабылып отурат. Бирок тергөө жана башка органдар тактап, ким чечкенин аныктап, чекит коет деп ойлойм. Сапар Жумакадырович айтып жатпайбы, “мен жөн эле маалымат катары жазганмын” деп. Ошол жерде суранып, “тапшырма бериңиз энергетика министрине, тапшырма бериңиз финансы министрлигине, ТИМге, башка министрликтерге, "ушуну аткарсын" деп тапшырма бериңиз” деп жатат. Ошол тапшырманын негизинде министрликтер андан ары иш жүргүзгөн.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев буга чейин парламентте сүйлөп жатып экс-президенттерден кол тийбестик макамын алып салууну сунуш кылган. “Президент премьер-министрдин башын аттап түзмө-түз министрге буйрук бергени мыйзамга туура келбейт” деген ал. ​

Жыйында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түз тапшырма бербегенин айткан.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону улантып жатат.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка жетекчилер жооп берүүдө. Комиссия 30га жакын аткаминердин фамилиясы жазылган корутунду чыгарган болчу.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

"Аварияга жана жемкорлукка айыптуу" деген тарап күнөөсү жок экенин, Кытай тарап менен келишим мыйзам чегинде иштелип чыгып, кабыл алынганын айтууда. (RK)