Жээнбеков: Сот реформасына эрк да бар, каражат да табабыз (видео)

Президент Сооронбай Жээнбеков Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында Жогорку сотко караштуу Сот реформасы боюнча жумушчу топтун өкүлү Гүлжан Эсеналиеванын баяндамасы узакка созулуп кеткенине нааразы болуп, айтылып жаткан программаны ишке ашырууга эмне керек экенин сурады.

Баяндамачы Гүлжан Эсеналиеванын "бул үчүн эрк жана каражат керек" деген жообунан кийин дагы эмне зарыл экенин тактап сурады.

Жооп ала албаган соң мамлекет башчы "Эрк да бар, каражатты да табабыз, анан кандай реформа жүргөнүн көрөбүз" деп, баяндамачыны сөзүн бүтүрүп, ордуна отуруусун суранды. (UEz/KR)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жээнбеков: Сот реформасын ишке ашырууга эрк жетет