Жогорку Кеңеш ЖЭБ маселесин талкуулоону улантат

Бишкек Жылуулук электр борборунун имараты.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны жана аны модернизациялоого кеткен каражаттын максаттуу сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо бүгүн да уланат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Корутунду боюнча талкуу өткөн аптада башталган. Бүгүн ал парламенттин сессиясында үчүнчү ирет каралат. Маалымат көп болгонуна байланыштуу талкууну улантуу чечими кечээги жыйында кабыл алынган.

2013-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын парламенти ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну макулдашкан. Модернизациялоо ишин кытайлык ТBЕА компаниясы жүргүзгөн.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, Бишкек шаары бир нече күн бою жылуулуксуз калган. Авариядан кийин окуянын чоо-жайын, насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия "жооптуу" деген 30га жакын аткаминердин тизмесин түзүп, аларга укуктук баа берүүнү сунуш кылып жатат. (NT)