Украинанын күч түзүмдөрү кечээ кармалган "РИА Новости- Украина" маалымат агенттигинин башчысы Кирилл Вышинскийди Киевден Херсонго жеткиришти. Бул тууралуу «РИА Новости» адвокатка шилтеме кылып кабарлады.
Херсондо Вышинскийдин бөгөт чарасы каралат. Анда Крым Автоном Республикасынын прокуратурасынын кеңсеси бар.
Расмий Киев Вышинскийге "мамлекеттик чыккынчылык", "Украинага кастык маалыматтык саясат жүргүзгөн" деген айыптарды коюуда. Ал 2015-жылы орус паспортун алып, бирок украин жарандыгынан да чыккан эмес.
Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Москванын тапшырмасы боюнча Орусиянын Крымды аннексиялап алышын жактаган макалаларды даярдаган. Андан кийин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган Украинанын чыгышындагы орусиялык жикчилдерди колдоп, бул үчүн айына 53 миң евро алып турган. Украинанын Коопсуздук кызматы акча ага Орусиядан Сербия аркылуу жекирилип турганын билдирүүдө.
Журналист буга чейин “Крымдагы окуяларды калыс чагылдырганы үчүн” Орусиянын “Ата Мекенге кылган кызматы үчүн” медалы менен сыйланган.
Украинанын Ички иштер министрлигинин байланыш департаментинин башчысы Артем Шевченко кечээ Вышинскийди Орусияда 2016-жылы тыңчылык үчүн кармалган украин журналисти Роман Сущенкого алмаштырууну сунуштады.
Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын өкмөттүк маалымат агенттигинин жетекчиси, орус жараны Кирилл Вышинскийди 15-майда Киевде жашаган үйүнүн жанынан кармаган. Агенттиктин жергиликтүү кеңсесинде тинтүү да жүргүзүлгөн.
АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерт Вашингтон Киев Орусиянын үгүтүнөн чочулаганын түшүнөөрүн белгилеп, бирок украин бийлигин мыйзам алкагында гана аракет кылууга чакырды.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир да үгүткө каршы күрөш адам укугунун эл аралык стандарттарына каршы келбеши керек экенин белгиледи.
Москва менен Киевдин мамилеси 2014-жылы Орусия Крымды өзүнө каратып алгандан кийин жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогондон баштап бузулган. Андан бери бир кезде өндүрүштүн мекени болуп саналган аймактагы жаңжалдарда 10 миңден ашуун адам кырылды.