Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, министрлик 2017-жылдын июнь айында Эне-баланы коргоо борборуна кошумча имарат куруу боюнча сынак жарыялап, “Э.С.С.” аттуу жоопкерчилиги чектелген коомду жеңүүчү катары тандап алган. Калган катышуучулардын документтери "талаптарга жооп бербейт" деген жүйө менен четке кагылган. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында конкурска катышкан компаниялардын бири эң арзан баа сунуш кылганы жана анын документтеринин баары жайында экени аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине 304-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 306-берене ("Мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") боюнча кылмыш ишин козгогон. (KR)