Зулушев: Сот реформасы эмес, талкалоо болду

Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 15-майда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылдагы иштер тууралуу маалыматын укту. Жыйында комитет мүчөсү, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев сот реформасын сынга алды:

- Сот реформасы эмес, талкалоо болду деп айтыш керек. Бүгүн өзүңүз да, орун басарыңыз да соттордун квалификациясы тууралуу айттыңыз. Туура эмес соттор тандалды, тажрыйба жок. Биринчи май, Свердлов, Ошто санкцияга алып келсе эки жылдан өкүм чыгарып жиберген окуялар болду. Фактылар кездешти. Мунун баары сот системасын талкалоо болду. Сот системасында принциптер жоголду. Президентке кирип, "тармакты жолго койбосок болбойт, бул туура эмес" деп айтыш сиздин милдетиңиз эле. Азыр да кеч эмес.

Жыйында Курманкул Зулушев жана "Бир Бол" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов да 15-майда иштен алынган президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин сотторго басым жасап, көрсөтмө берип келгени коомчулукта талкууланып жатканын айтышып, "мындайга жол берилбеши керек эле" деген ойлорун ортого салышты.

Соңунда Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Жогорку соттун маалыматы жакында жалпы сессияда талкууланат. (NT)​