Каталонияда аймактык өкмөттүн жаңы башчысы шайланды

Жоаким Торра.

Каталонияда аймактык өкмөттүн башчысы болуп Жоаким Торра шайланды. Испаниялык "El Pais" гезитинин маалыматы боюнча, Торранын талапкерлигин 66 депутат колдоп, 65и каршы чыккан. Төрт депутат арсар пикирин билдирген.

Торра каталон парламентинин депутаты болуп былтыр декабрда өткөн кезексиз шайлоодо келген. "El Pais" Торра учурда эч бир партияга мүчө эмес экенин, бирок Каталониянын мурдагы лидери Карлес Пучдемондун досу экенин жазды. Шайлоодо болсо ал Пучдемон жетектеген “Каталония үчүн бирге” деген партиянын тизмесинде болгон.

Торранын талапкерлигин автономиялык аймак Испаниядан көз каранды болушу керектигин жактаган парламенттеги “Каталониянын солчул республикачылары” партиясынын өкүлдөрү да колдоду.

2017-жылдын декабрынан бери аймактын парламенти бир канча жолу өкмөт башчыны шайлай албай койгон. Анын ичинде мурдагы лидер Пучдемон да шайланбай калган. Ал декабрдан бери өзүнө козголгон кылмыш ишинен улам өлкөгө келе албай жүрөт. 10-майда ал өзүнүн жолдоочусу катары Жоаким Торранын атын атаган.

25-мартта Германия Пучдемонду Даниядан кирип келгенде чек арадан кармаган. Ал күрөөгө бошотулган жана эч кайда кетпөөгө милдеттенме алган тил катынын негизинде Германияда жашап жатат.

Октябрь айында каталон парламенти талаштуу референдумдун жыйынтыгын жүйө кармап, Каталониянын эгемендигин жарыялаган. Бул кадамды мыйзамсыз деп эсептеген испан өкмөтү каталон парламентин таратып, жаңы шайлоо жарыялаган болчу. Ошондой эле борбордук бийликтин талаптарына көнбөгөн каталон жетекчилерине кылмыш иши козголгон.​