Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов иштен кетти

Кубанычбек Кулматов.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов иштен кетти. Бул маалыматты мекеменин басма сөз катчысы Нурия Тилекматова “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, Кулматов кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.

Кулматовдун кызматтан кеткени тууралуу маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы да тастыктады.

Кубанычбек Кулматов 11-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. Кийин анын Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде TBEA компаниясы мектеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу сурак бергени белгилүү болгон.

2014-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого 386 млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн. доллар грантка мектеп салып бермек болгон. Ага Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча куруу жагы чечилген. Кийин ал 750 орунга, андан кийин 660 орунга чейин кыскарган.

Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш эки жолу токтоп калган. Кийин курулуш үчүнчү ишканага - "Айкөл курулуш" компаниясына берилип, мектепти ошол бүткөргөн. Бирок Кытай акчасынан тышкары Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн. сом бөлүнүп берилген.

Башкы прокуратура былтыр “Айкөл курулуш” компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет берген сумманын 91 миллиону кымырылганын жарыялаган. (КЕ)