Помпео: америкалык ишкерлер Түндүк Кореяга жардам бериши мүмкүн

Майк Помпео менен Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын. 9-май, 2018-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 13-майда билдиргендей, Пхеньян өзүнүн өзөктүк курал жасоо программасынан толук баш тартса, анда АКШ америкалык бизнесмендерге Түндүк Кореяга инвестиция салууга уруксат берет.

“Жеке сектордо иштеген америкалыктар Түндүк Кореянын энергетикалык тармагын түзүүгө жардам бере алышат” деди ал Fox News телеканалындагы маегинде.

Помпео эгер Пхеньян АКШнын талабын аткарса, америкалыктардын Түндүк Кореянын инфраструктурасына жана азык-түлүк коопсуздугун чечүүдө жардам берүү максатында айыл чарба тармагына инвестиция салуу ниеттери бар экенин кошумчалады.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин “тарыхый” деп мүнөздөлгөн жолугушуусу келерки айда Сингапурда өтөт. АКШ өзү жана Түндүк Кореянын жакынкы коңшулары да алдыдагы саммит Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылышына алып барат деп үмүт артууда.

Буга чейин Түндүк Кореянын мамлекеттик агенттиги жакынкы эки жуманын ичинде Пхеньян ядролук полигонду жок кылууга ниеттенип турганын жазган.