Отунбаева: Тышкы саясаттагы көйгөйлөр Атамбаевдин убагында пайда болгон

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева

Кыргызстан Бишкек Жылуулук электр борборунун айланасындагы иштер менен алек болуп, тышкы саясат четте калып кетип жатат. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” курган маеги учурунда билдирди.

- Бизде дагы Кыргызстандын тышкы иштерин изилдеген аналитиктер, окумуштуулар бар. Азыр биз ЖЭБ менен алекпиз. Ички дагы толуп жаткан ушундай иштер бар. А тышкы саясат четте калып жатат. Тышкы саясатта боштук болуп жатат, проблемалар көп ал жерде. Анын баары Атамбаевдин (экс-президент – авт.) заманында пайда болгон. Ар бир өлкө менен иштер оңолуп жатат азыр. Биз кайта туура жолго түшүп, жаңы турмушту жасап жатканыбыз белгилүү. Бирок канча иштер туура эмес болуп кетти. Биз демократия, жарандык коом, сөз эркиндиги жагынан өтө солгундадык. Саясий партияларды алганда да көп нерсе соолуп, жокко чыкканга чейин барган.

Былтыр октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев казак лидери Нурсултан Назарбаевдин дарегине катуу сын айткандан кийин кыргыз-казак чек арасындагы текшерүү күчөгөн. Анда Атамбаев Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алуусун Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары айыптаган болчу.

Буга чейинки өлкө жетекчилиги менен расмий Анкара ортосунда ачык кайым-айтыш орун алып, жогорку деңгээлдеги карым-катнаш начарлаган.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева “Азаттык” үналгысына курган маегинде Малайзиядагы акыркы бийлик алмашуу боюнча да ойлору менен бөлүштү. Ал 92 жаштагы Махатхир Мохамаддын бийлик башына келишин жалпы дүйнө үчүн сабак алчу окуя катары баалап, өз байкоолорун ортого салды. Ошондой эле Кыргызстандагы акыркы коомдук саясий абал боюнча пикирин билдирди.(КЕ)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Отунбаева: Саясий тазалануу жүрүп жатат