Ирак: парламенттик шайлоодо эки миңден ашуун аял талапкер бар

Иракта бүгүн парламенттик шайлоо өтүүдө. Бул - Багдад "Ислам мамлекети" террордук тобун жеңгенин жарыялагандан кийинки алгачкы шайлоо. Мамлекет бул террордук топту жеңгенин былтыр декабрда билдирген.

Алдын ала сурамжылоолорго караганда, өкмөт башчы Хайдар ал-Абади жетектеген альянс башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк добуш алышы мүмкүн.

Шайлоодо күч сынашып жаткандар арасында 300дөн ашуун саясий топтор, жеке жарандар кошулуп жети миң талапкер бар. Анын 2011и аялдар. Алар парламенттеги 329 орун үчүн ат салышууда. Өлкөдө 20 миллиондон ашуун жаран добуш берүү укугуна ээ. Жыйынтык 13-майда жарыяланат.

Шайлоо күнү 900 миң күч кызматкери коопсуздукка көз салууда. 11-майдын түнүндө бардык аэропорттор жабылган.