"Eurovision-2018": Орусия финалга өтпөй калды

Юлия Самойлова.

Португалияда "Eurovision-2018" ыр таймашынын финалисттери аныкталды. Жарым финал Лиссабондо, деңиз жээгиндеги "Алтис-Арена" комплексинде 8-майда жана 10-майда болуп, 38 өлкөдөн 20сы финалга өттү. Алар: Австрия, Эстония, Кипр, Израил, Литва, Чехия, Болгария, Албания, Финляндия, Ирландия, Сербия, Молдова, Венгрия, Украина, Швеция, Австралия, Норвегия, Дания, Словения жана Нидерланды.

Эрежеге ылайык, Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү саналган беш мамлекеттин (Британия, Франция, Испания, Италия, Германия) жана сынакты өткөрүп жаткан Португалиянын ырчылары түз эле финалга чыгышат.

26 мамлекеттин ырчылары ат салышкан финал 12-майда өтөт. Ким утса, эмки сынак ошол ырчынын мекенинде болот.

Букмекерлер Кипр, Израил, Норвегия, Чехия, Эстония, Болгариянын ырчыларын сынактын фавориттери деп сыпатташууда. Мыктылар күйөрмандардын онлайн добушу жана калыстардын баасы менен аныкталат.

Расмий ачылышы 7-майда болгон "Eurovision" быйыл океанга арналгандыктан катышуучулар кызыл эмес, көк килемден өтүштү. Сынактын урааны "All aboard", кыргызча "Кеме бортуна бирге" деген маанини берет.

Орусиянын атынан тубаса майып Юлия Самойлова барды. Бирок ал финалга өткөн жок. Ал былтыр Украинадагы "Eurovison" мелдешине да жолдомо алып, катышпай калган. Украинанын Коопсуздук кызматы ырчыны "2015-жылы аннексияланган Крымдагы концертке катышып, мыйзамды бузган" деп, өлкөгө үч жыл кирүүгө тыюу салган.

"Eurovision" сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. Былтыр португалиялык Салвадор Собрал уткан. (SE)