Примов: ТВЕА менен келишим түзүүдө өлкө кызыкчылыгы эске алынган эмес

Улан Примов.

Бул тууралуу Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын башчысы Улан Примов парламенттин жыйынында корутунду менен тааныштырып жатып билдирди. Корутунду тыянак жана сунуштар болуп эки бөлүнүп берилген.

Примов ЖЭБдеги кырсыктын алдын алуу мүмкүн болгонун, бирок тиешелүү жетекчилер ишке шалаакылык менен мамиле кылып, күз-кыш мезгилине даярдыкты начар жүргүзгөнүн белгиледи.

-ТВЕА менен келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынган эмес. Ошол кездеги өкмөт башчылар жана өкмөт мүчөлөрү келишимди түзүүдө жетиштүү аракет кылган эмес. Анын жыйынтыгында Кыргызстан көзөмөлдөй албаган, кийлигише албаган ЕРС келишими түзүлүп калган. Бул келишимге ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Ошол учурда айрым министрлер өз пикирин билдиргенине карабай, ошол кездеги финансы министри Ольга Лаврова кол койгон. Ошол элек кездеги тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов олуттуу жана терс пикирин билдирип, Кыргызстандын Конституциясына туура эмес келерин белгилеген. Буга карабай тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев муну эске албай, кол койгон.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору 2013-жылдын аягында гана даярдалып, модернизациялоо иши 2014-жылдын аягында башталган. Курулуш иштери 2017-жылдын август айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Депутаттык комиссиянын тыянагында бул долбоор боюнча мурдагы өкмөт башчылар баш болгон отузга жакын кызмат адамынын иш-аракетине укуктук баа берүү жөнүндө сунуш киргизилди. (КЕ)