Орусия АКШнын чечимине «терең өкүнүчүн» билдирди

Дональд Трамп Иран боюнча жардыкка кол койду. 8-май, 2018-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуудан бир тараптуу баш тартканына “терең өкүнүчүн” билдирди. Тышкы иштер мекемесинин сайтына жарыяланган билдирүүдө 2015-жылы жетишилген эл аралык келишим - Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен бекитилген “көп тараптуу маанилүү макулдашуу” экени баса белгиленет.

Москванын билдирүүсүндө 8-майда жарыяланган чечим – Вашингтондун “сүйлөшүүгө жөндөмсүз экенинин жаңы далили” деп айтылат.

Ошондой эле Ирандын өзөктүк ишмердиги “толук мыйзамдуу” экени, ал эми америкалыктардын сындаганы “Тегерандан саясий өч алуунун айласы” деп айтылат.