Мамдума Медведевди премьер-министрликке бекитти

Президент Путин Дмитрий Медведевдин талапкерлигин Мамлекеттик Думада тааныштырып жатат, 8-май, 2018-жыл.

Дмитрий Медведев Орусияда өкмөт башчылыкка дайындалды. Анын талапкерлигин Мамлекеттик Думанын 379 депутаты колдосо, 56 парламентарий «каршы» болду.

"Адилет Орусия " жана коммунисттер фракциялары Медведевдин талапкерлигин колдогон жок. Добуш берүүнүн алдында Медведев парламентте сөз сүйлөп, Орусияда пенсия курагын көтөрүү зарыл экенин айтты.

7-майда төртүнчү бийлик мөөнөтүнө расмий киришкен президент Путин эски санаалашы Дмитрий Медведевди өкмөт башчылыкка сунуш кылган.

53 жаштагы Медведев премьер-министр катары 2012-жылдан бери иштеп келе жатат. Ага чейин төрт жыл Орусиянын президентинин кызматын аркалаган.