Орусияда миграциялык көзөмөл күчөдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алдында миграциялык көзөмөл күчөтүлдү.

Мигранттар эмитен батирлер көзөмөлгө алынып, көчөдө жана коомдук транспортто документтерди текшерүү күч алганын кабарлап жатышат.

Мыйзам бузду деп табылган мигрант айып төлөөгө милдеттендирилет же өлкөдөн чыгарылат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенде Орусияга жаңы барган кыргызстандыктарга келген жери же жашаган дареги боюнча 30 күн ичинде каттоого турууга жеңилдик берилген.

Бирок футбол чемпионатынын убагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө жарлыкка ылайык 25-майдан 25-июлга чейин Орусияга келген бардык чет өлкөлүктөр миграциялык каттоого бир күндүн ичинде турушу керек болот. (LzT)