БУУ Ооганстандын түндүгүндөгү аба соккуларын сындады

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын миссиясы

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын миссиясы өлкө түндүгүндө жайгашкан Кундуз провинциясындагы ооган коопсуздук күчтөрүнүн аба соккуларынан 36 киши, анын ичинде 30 баланын өмүрү кыйылган операциянын жүргүзүлүшүн сындады.

Эл аралык миссиянын 7-майдагы билдирүүсүндө операция маалында ооган аба күчтөрү тик учактардан ракета атып, пулеметтордон ок жаадырганын сындап, карапайым жарандарды сактоого канчалык көңүл бурулган деген суроо коёт. Атайын операция 2-апрелде Лагмани кыштагында жүздөгөн эркектер менен балдар намаз окуп жатканда ишке ашкан.

Билдирүүдө 71 киши, анын ичинде 51 бала жарадар болгону айтылат.

Ооган өкмөтүнүн маалыматына ылайык, аба соккулары “Талибан” кыймылынын жогорку жетекчилерин бутага алган.

Улуттар Уюмунун миссиясы ооган өкмөтү карапайым жарандар курмандыкка чабылганын мойнуна алып, президент Ашраф Гани окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү тапшырганын кошумчалайт.

Кундуз провинциясынын губернатору жеригиликтүү бийликтин деңгээлинде иликтөө башталганын билдирди.

“Талибан” кыймылы болсо өкмөттүк күчтөрдүн атайын операциясында 59 киши өлүп, 150дөй адам жарадар болгонун билдирди. Алардын басымдуу көпчүлүгү балдар, диний ишмерлер жана аксакалдар экени айтылат.