Жалал-Абад аэропортунун жаңы аэробекеттик комплекси иштей баштады. 7-майда анын ачылышы болуп, ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.
Жалал-Абад аэропорту 1975-жылы салынып, андан бери имараттары капиталдык түрдө оңдолгон эмес. 2017-жылдын декабрь айында башталган курулуш иштерине "Манас" эл аралык аэропорту 13 млн. сомдон ашык каражат жумшаганы айтылды.
Учурда Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багытында жумасына үч жолу учак каттайт. "Жалал-Абаддын аба майданы талапка жооп бербейт жана жүргүнчү аз" деген жүйө менен бир канча ирет жабылып, кайра ачылган. (RsK)