Айтматов жөнүндө китеп Орусияда айтылуу сериянын катарында жарык көрдү

Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны тууралуу китеп жана анын автору Осмонакун Ибраимов.

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу китеп Орусиянын “Жизнь замечательных людей” (ЖЗЛ) – “Өрнөктүү адамдардын өмүрү” сериясынын катарында жарык көрдү. Бул тууралуу китептин автору Осмонакун Ибраимов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Китеп Москвадагы “Молодая гвардия” басмаканасынан 3000 нускада басылды. Учурда орусиялык интернет дүкөндөрдө сатыкка чыкты.

Ибраимов кабарлагандай, бул китеп анын буга чейин жарык көргөн “Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” деген китебинин кыскартылган варианты болуп саналат. Соңку китеп апрелдин башында Казакстандын Астана шаарындагы “Гылым” басмаканасында басылып чыккан эле. Анын ачылышы Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында жана Астана шаарларында өткөн.

Публицист, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун бул эмгектеринде кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жеке жашоосу, адабият дүйнөсү жана саясий көз караштары Советтер Союзу менен байланышта каралат.

“Жизнь замечательных людей” (ЖЗЛ) – биографилык жана көркөм-биографиялык китептердин сериясы Максим Горький тарабынан 1933-жылы негизделген. Ошондон бери бул сериянын алкагында бир жарым миңден ашуун белгилүү адамдардын өмүр баяны китеп болуп чыккан. (ErN)