Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылыш аземи өтүп жатат

Ачылыш аземинде тартылган сүрөт.

Бүгүн, 6-майда Ысык-Көл облусундагы 2018-жылкы жайкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи өтүүдө. Иш-чара Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда "ITF-Ысык-Көл" 19-эл аралык туристтик жармаңке фестивалы менен коштолууда.

Иш-чарада Ысык-Көл дубанындагы эс алуу жайлар, пансионаттар жана ишкерлер өздөрүн таныштырууда.

Фестивалга Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси жана Орусия Федерациясынын расмий өкүлдөрү катышууда.

Ысык-Көл облусуна былтыр жайкы туристтик сезон мезгилинде өлкө ичинен жана сырттан келген туристтердин саны 783 158 адамды түзгөн. 2016-жылы болсо 745 850 болгон. Ысык-Көлгө туристтер негизинен Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Европа өлкөлөрүнөн келишет. (AsM\ErN)