Орусия тарабынан аннексияланган Крым соту украин активистти “ВКонтакте" социалдык тармагындагы комментарийи үчүн эки жылга абакка кести. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, Мовенко социалдык түйүндө экстремисттик иш-аракетке үгүттөгөн. Адвокаттар чечимди жогорку тепкичтеги сотторго даттанарын билдирүүдө. Буга чейин прокуратура Мовенкону эки жылга шарттуу кесүүнү сураган.
2016-жылдын сентябрь айында Мовенкону анын велосипединде тагылган Украинанын «Азов» ыктыярчы тобунун эн белгиси үчүн Орусиянын улуттук гвардиясынын кызматкерлери сабаганы айтылган.
Дарыгерлер активист баш мээсинен жаракат алып, жаагы сынганын аныктаган. Уруп-сабоо фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп, бирок кылмыш иши козголгон эмес.