5-майда тоо этектериндеги аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарында 14 метрге чейин жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26;
Нарын жана Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус болот.