Токтакунова: Текебаевдин ишин кайра кароо жөнүндө өтүнүч даярдалууда

Өмүрбек Текебаев.

Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгуу жөнүндө өтүнүч даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди:

- Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого бардык документтерди даярдап койдук. Олуттуу негиздемелерибиз бар. Бардыгы даяр. Акыркы эле бир кагаз калды – "№ 306 иш бөлмөсүндө ким отурган?" деген. Ал жерде Атамбаев отурган. Ошону алсак эле беребиз.

Токтакунованын айтымында, арыз Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Эгер ал жак макул болсо, Жогорку сот ишти кайра карап чыгууга жөнөтөт.

Кечээ акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранды.

Токтакунова акыйкатчынын мындай колдоосу үчүн ыраазылык билдирди жана Оторбаевдин кайрылуусу да, адвокаттардын аракеттери да үндөш экенин белгиледи.

Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов бүгүн “Өмүрбек Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айыпты моюнга алган эмес жана ырайым сурап кайрылган жок” деп “Азаттыкка” билдирди.

“Ата Мекен” партиясынын негиздөөөчүсү жана лидери Өмүрбек Текебаев "орус жаранынан ири суммада пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында кармалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Муну ал өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн саясий куугунтук катары баалап келет.

Соттук териштирүү маалында айыптоочу тарап "Ак үйдөгү №306 бөлмөдө 2010-жылы Текебаев отурганын" айткан. Ал эми адвокаттар "ал бөлмөдө мурдагы президент, ошол кезде Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Алмазбек Атамбаев отурчу" деп айтып келишет. (RK)