Бишкекте абанын булганышынын себептери талкууланып жатат

Бишкек шаарынын үстүндөгү абанын булганышы. Тоо тараптан көрүнүш.

“Абанын булганышы: Кыргызстан эмне кылышы керек?” деп аталган жыйында АКШдан келген эколог, профессор Майкл Броди баяндама жасап, башка мамлекеттердин тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, экологдор катышууда. Иш-чараны “Ачык асман” коомдук уюму өткөрүп жатат.

Абанын булганышына байланышкан көйгөй Бишкек шаарында курч. Жергиликтүү экологдор буга чейин баш калаада абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектин атмосферасындагы ден соолукка зыян заттардын 90% автоунаадан чыгат. Таза эмес аба Бишкекте өпкө оорулардын көбөйүшүн шарттап жатканын дарыгерлер да маалымдашкан. (ErN)