Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер көчкү кайрадан козголуп, сүрүлүп түшүп, кайрадан Көк-Арт дарыясынын нугун бөгөп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда топтолгон суу (болжол менен 1 млн. 200 миң м3) жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агып жатат.
Жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу абалды көзөмөлдөп турат.
29-апрелде Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинде жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калган. Натыйжада Сузактын Курманбек айыл аймагынын дарыя боюндагы айылдарын жана Жалал-Абад шаарын суу каптоо коркунучу келип чыккан. Буга байланыштуу ошол эле күнү Сузак району менен Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, эртеси бул режим кайра алынган.
30-апрелде өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахметов Сузакта түшкөн жер көчкүдөн кабар алып, маселени чечүүнүн жолдорун кеңешип жатканы айтылган. (ErN)