Каракол: Төрөт үйүндөгү инфекция төрт ымыркайды майып кылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Караколдун төрөт үйүндө ымыркайлардын остеомиелит илдетине чалдыгышына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин өкүлү Алмамбет Абдрамановдун айтымында, Ысык-Көл облустук прокуратурасы текшерүү жүргүзгөн:

- Текшерүүдө аныкталгандай, төрт арыздануучу ошол төрөт үйүндө көз жарган. Кийинчерээк ошол төрт балада остеомиелит оорусу аныкталган. Бул ооруну төрөт үйү да, облустук оорукана да өз убагында аныкташкан эмес.

Оору ыкчам аныкталбаганы жана дарыланбаганы үчүн инфекцияны жуктурган ымыркайлар социалдык өнүктүрүү башкармалыгына майып балдар катары каттоого алынды.

Остеомиелит - сөөктү жабыркатуучу дарт. (RK)