Кыргыз улуттук университетинин “акчага дипломдук иш жазып берди” деп сөз болгон окутуучуларына карата кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматкери Жээнбек Эралиев “Азаттыкка” маалымдады.
- Ректордун тапшырмасы менен декандар түшүнүк кат алышты. Эгерде эки мугалимдин иши далилденсе жумуштан айдалат, - деди ал.
Буга чейин аталган окуу жайдын окутуучулары менен студенттери “дипломдук ишти бүтүрүп берүү тууралуу соодалашып жатат” деген видео Интернетке тараган. Анда студенттердин сабакка келбей баа алып жүргөнү, окутуучу жазып берген дипломдук иш боюнча бүтүрүүчүлөрдүн нааразы болуп жатканы тартылган.
Университеттин өкүлдөрү билдиргендей, окуя 2017-жылы болгон. (TSh)