Былтыр Орусия аскердик тармакка кеткен чыгымын 20% азайтты

Орус армиясы Кызыл аянтта аскердик парадга даярдык көрүүдө. 26-апрель, 2018-жыл.

Былтыр Орусия аскердик тармакка кеткен чыгымын 20% азайтып, ал 66,3 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу Стокгольмдо жайгашкан Тынчтыкты изилдөө институтунун баяндамасында айтылат. Авторлор Москванын мындай чечимге Батыштын санкциялары жана экономикалык рецессия мажбур кылганын белгилешет.

Дүйнөдө болсо жалпысынан алганда 2017-жылы аскердик чыгымдар "кансыз согуштан" берки эң жогорку деңгээлге жеткен. Биринчи сапта АКШ, Кытай жана Сауд Арабиясы турат. Орусия болсо 4-орунга түшүп калды. Москва коргонуу тармагына мынча аз каражатты 1998-жылы, өлкө ири экономикалык кризиске, дефолтка кабылганда бөлгөн.

Баяндамада ошондой эле Орусиянын Украинадагы жикчилерди колдогону, Сириядагы согушка катышканы белгиленип, "чыгымдардын азайышы андай операциялардын келечегинен күмөн санатат" деп айтылат.

Эл аралык институттун маалыматына ылайык, АКШ коргонууга жылына 610 миллиард доллар бөлүп, глобалдык алкакта кеткен чыгымдардын 35% жабат.

НАТОго мүчө 29 өлкө жылына 900 миллиард доллар коротсо, Кытай 228 миллиард доллар бөлөт.