Пашинян элди бийликке баш ийбестик акциясына чакырды

Оппозиция лидери Никол Пашинян аянттагы эл менен. 1-май, 2018-жыл.

Армян оппозициясынын лидери, парламент депутаты Никол Пашинян 1-майда өкмөт башчылыкка шайланбай калгандан кийин кечинде аянттагы элге келип, сөз сүйлөдү. Ал өлкө жарандарын бийликке жапырт баш ийбестик акциясын баштоого чакырды.

"Эртең саат 8:15тен баштап жапырт иш таштоо, жолдорду, метролорду, аба майдандарын, мамлекеттер жана аймак аралык жолдорду, дегеле тосууга мүмкүн болгон бардык жерди тосо башташ керек", деген оппозиция лидери элди 2-майда саат 19:00дө Еревандагы Республика аянтына митингге да чакырды.

Оппозиция лидери, Армениядагы 13-апрелден берки нааразылык жүрүштөрүнүн башында турган депутат, премьер-министрликке көрсөтүлгөн Никол Пашинянга бүгүн парламенттеги жыйында 45 депутат "макул", 55 депутат "каршы" добуш берди. Премьер-министрликке шайланыш үчүн Пашинян кеминде 53 добуш алышы керек болчу.

1-майда Армениянын парламенти Улуттук жыйындагы добуш берүүдө Никол Пашинян өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. 105 мандаттуу Армения парламентинде 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы элдин сүрүнөн жана талабынан кийин өкмөт башчылыкка талапкер чыгарбоого макул болгон. Бирок алар, депутат Феликс Цолакяндан башкасы, бүгүнкү шайлоодо Пашинянга каршы добуш берди.

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Армения толук парламенттик башкарууга өткөн жана премьер-министр өлкөдөгү эң жогорку кызмат адамы деп саналат.

Парламент депутаты, 42 жаштагы Пашинян азыр Арменияны президент катары 10 жыл башкарып, 17-апрелде кайра премьер-министрликке шайлангандан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсянга жана анын бийликтеги Республикалык партиясына каршы он миңдеген адам катышкан нааразылык акцияларын жетектеп жатат.

Серж Саргсян кызматтан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин анын партиялашы Карен Карапетян аткарып жатат.