Кесиптешинин өлүмүнөн кийин кармалган милиционер үй камагына чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай чечим 30-апрелде кабыл алынганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Милиция кызматкеринин бөгөт чарасын Ош шаардык соту карап, чечим чыгарууда анын туруктуу жашаган жери бар экендиги, ага карата козголгон кылмыш ишинин анча оор эместиги, атайлап кылмышка барбаганы жана жабырлануучу тараптын тосмо арызы эске алынган.

27-апрелдин түнүндө Ош шаарында өз автоунаасында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсүнүн сөөгү табылган. Анын өзүн-өзү атып алганы божомолдонгон.

Ош шаардык милициясы маркумдун жанынан табылган табелдик курал анын кесиптешине таандык экенин маалымдап, ал 48 саатка камакка алынган. Ага табелдик куралын башка адамга бергени үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык, байкабастан өлүмгө алып келүү") боюнча кылмыш иши козголгон.