30-апрелде күндүн ысыгы 30 градустан ашат

30-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 5...10 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 28…30 градус жылыйт.

Кыргызгидромет эскертет: 1-майдан тарта аба ырайы өзгөрүп, өлкө аймагында нөшөрлүү жаан-чачын болот. Күн күркүрөп, айрым жерлерде ылдамдыгы секундуна 22 метрге жеткен шамал согот.