АРИС Айылдарды инвестициялоо-3 долбоорун кайра баштайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Айылды инвестициялоо-3 долбоорун кайра ишке киргизет. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка караганда, 25-апрелде Бишкекте донорлор менен жолугушуу болду. Анда Айылды инвестициялоо-3 долбоорун жаңыдан баштоого даярдык аяктаганы айтылды.

Натыйжада, долбоор майдын этегинде жаңыртылган форматта ишке ашырыла баштайт.

Аталган долбоор 2016-жылдын февралында башталган. 2017-жылдын башында Дүйнөлүк банк тарабынан чечимдер донорго маалымдалбастан кабыл алынып жатканы айтылган. Натыйжада долбоордун биринчи айлампасын терең талдап көрүү чечими кабыл алынган. Анын жыйынтыгында аймактарда эреже бузуулар аныкталып, долбоор убактылуу токтотулган.

Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында аны жаңы форматта кайра улантуу чечими кабыл алынганы маалымдалды. (NT)