Айбек Азыранкулов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү 27-апрелде билдирди.
Айбек Азыранкулов 2009-2010-жылдарда парламент депутаты болгон. 2010-2013-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Андан кийин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин да жетектеген. (NT)