Бүгүн Бишкек шаарында Индия музыкаcынын жана ыр-бийлеринин фестивалы башталат. Бул тууралуу Индиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Фестивалдын алкагында индиялыктардын улуттук бийлери, ырлары жана йога өнөрү коштолгон концерт болот. Андан сырткары кагазда орнаменттерди жана кештелерди тартуу искусствосу боюнча мастерс-класстар өтөт. Буга улай адистер Индиянын улуттук кийими, ал эми усталар зергерчилик боюнча сыр бөлүшөт.
Элчилик бул маданий саамалыкты Балдар менен өспүрүмдөрдүн “Сейтек” чыгармачылык борбору менен чогуу уюштуруп жатат. Бүгүн башталган иш-чара эртең да уланат. (ErN)