Украина жана Беларус Чернобыль алааматын эскерүүдө

Минсктин "Чернобыль курмандыктар" мемориалындагы эскерүү иш-чарасы. 26-апрель, 2018-жыл.

Бүгүн Чернобыль атомдук электр станциясынын төртүнчү энергоблогунда жарылуу болгон күндүн 32 жылдыгы.

Буга байланыштуу трагедиянын курмандыктарын эскерген иш-чаралар бүгүн Украина менен Беларуста өтүп жатат.

Украин президенти Петро Порошкенко өз кайрылуусунда 32 жыл мурдагы окуядан сабак алып, анын кайталануусуна жол бербөө керектигин белгиледи.

1986-жылы 26-апрелге караган түнү Чернобыль АЭСиндеги жарылуудан 50 млн кюриге жакын же Хиросимага ташталган атом бомбасыныкынан 400 эсе көп радиоактивдүү материал абага тараган. Жети миллион адам жашаган 155 миң чарчы чакырым жер радиацияга булганган.

АЭСтеги жарылуудан отуздай киши курман болгон, бирок кырсыктын кесепеттеринен миңдеген адамдын өмүрү кыйылды же майып болду жана ден соолугу бузулду. (UE)