Бишкек шаарын көзөмөлдөгөн кримтөбөлдөр ("смотрящий") жок. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда тургандар аралашкан үч кылмыш катталган.
Алар опузалап акча алуу жана адамдын ден соолугуна зыян келтирүү фактылары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.