Ошто окуучулар белгисиз затка ууланышты

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 16 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жеңиш Байзаков "Азаттыкка" билдиргендей, жабыркагандар №54 мектептин жогорку классынын окуучулары, жарымы кыздар. Окуя 25-апрелде болду. Балдар Оштогу аймактар аралык клиникалык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу:

- Бир окуучу белгисиз зат алып келген экен. Ал эмне экенин билбей жатабыз. Тергөөчүлөр иликтей башташты, - деди ал.

Оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулаймановдун "Азаттыкка" айтканына караганда, окуучулардын бири белгисиз суюктукту чачып жибергенден кийин курдаштары өздөрүн жаман сезе баштаган. ​

Оорукананын дагы бир дарыгери Назарбай Сагындыктов уулангандар арасында эки мугалим бар экенин билдирди. Бирок Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчи орунбасары Жеңиш Байзаков муну четке кагууда. (SE\YI\MdN)