Ички иштер министринин орун басары Жалал-Абаддагы милициянын ишин сындады

Cүйүн Өмүрзаков.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облустук милиция башкармалыгынын жыл башынан берки кылмыштуулук менен күрөшүү аракетин сынга алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Өмүрзаков Жалал-Абад облусунда былтыркы жылдын биринчи кварталында 589, быйыл ушул эле убакыт ичинде 748 кылмыш катталганын айтып, фактылар 159га көбөйгөнүн белгиледи. Ал муну буга чейинки жетекчиликтин уюштуруу иштериндеги чалагайымдыгы жана кылмыштын алдын алуудагы кызматкерлердин шалаакылыгы менен байланыштырды.

Министрдин орун басары Тогуз-Торо районундагы кенге байланыштуу чыр-чатак аягы алтын менен иштеген компаниянын имаратын өрттөөгө чейин жеткенин, бул калк арасында түшүндүрүү иштери начар жүргөнүнөн кабар берерин айтты. Ал буга түздөн-түз жетекчилик айыптуу экенин эскертти.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кечээ өткөн коллегиялык жыйында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы башчысы катары Кылыч Жолдошевди тааныштырган.

Буга чейин облустук милицияны Акылбек Мамасейитов жетектеп келген. Ал Тогуз-Тородогу 11-апрелдеги тополоңдон кийин кызматынан алынып, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймак аралык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. (ErN)