Макрондун Вашингтондогу сапары башталды

Француз президенти Эммануэл Макрон.

Француз президенти Эммануэл Макрондун Вашингтондогу үч күндүк сапары башталды. Ал АКШ президенти Дональд Трамп менен шейшемби күнү жолугат. Макрондун Вашингтондогу сапары маалында Тегерандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы кабыл алынган келишимге өзгөчө көңүл бурулат деп күтүлүүдө.

АКШнын президенти Трамп Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүнөн бери сындап келет. Келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлмак болгон.

Макрон жекшембиде "Fox News" телеканалына берген интервьюсунда АКШ Тегеран менен болгон көп тараптуу макулдашуудан чыгып кетсе, Ирандын өзөктүк программасы боюнча Франциянын “Б планы” жоктугун билдирген. Ошондой эле ал Вашингтонду дагы бир жаңы келишим табылганга чейин макулдашууда кала берүүгө чакырган.