Армениянын премьер-министри Серж Саргсян кызматтан кетти

Серж Саргсян.

Арменияда ири демонстрациялардан кийин өткөн аптада эле премьер-министрликке келген Серж Саргсян кызматтан кетти. Бул тууралуу билдирүү өкмөт башчынын расмий сайтына жарыяланды.

“Түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн бир нече жолу бар. Бирок мен алардын бирөөнө да барбайм. Андай жол меники эмес. Мен премьер-министрлик кызматтан кетем”, - деп жазылган Серж Саргсяндын билдирүүсүндө.

Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. Анын кайра бийликке келишине каршы нааразылык акциялары 11 күндөн бери тыйылбай жаткан. Митингчилер Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылышкан эле.

Дүйшөмбүдө Еревандын көчөлөрүнө чыккан миңдеген адамдарга ондогон аскердик кызматкерлери да кошулган. Жекшембиде кармалган оппозиция лидери Никол Пашинян бир нече саат мурда бошотулду.