Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун 50 чакты жашоочусу Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар алтын иргөөчү фабриканын өрттөлүшүнө шектүү катары камалган 12 жарандын бошотулушун талап кылышууда.
11-апрелде Тогуз-Тородо миңден ашык киши катышкан митинг өтүп, алар курулуп жаткан алтын иргөөчү фабриканын имаратын каршылык иретинде толугу менен өрттөп жиберген.
Бул боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде алардын ичинен үч аялды “өлкөдөн чыкпоо” жөнүндө тилкат менен бошотуп, калган 12 адамды №1 тергөө абагына камакка алган.
Кытайлык “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы Тогуз-Тородо алтын ылгоочу фабриканы 2016-жылы кура баштаган. Жергиликтүүлөр инвестор эл менен эсептешпей жатат деп фабриканын курулушуна каршы бир нече жолу митинг өткөрүшкөн. 11-апрелдеги тополоңдон кийин УКМК фабриканын курулушуна уруксат мыйзамсыз берилгени боюнча кылмыш ишин козгогон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча өрт 1 млн. долларга жакын зыян алып келген. Фабриканын мындан аркы тагдыры мекемелер аралык комиссиянын бүтүмүнөн көз каранды.(UEz)