Бүбүйра апа үйлүү болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Эл душманы" делип, 1938-жылы атылган сталиндик репрессия курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиевага өкмөт бир бөлмөлүү батир берди. Бул Сапар Исаковдун премьер-министр катары акыркы чечими болуп калды. Кыдыралиевага үй берүү маселеси буга чейин бир нече ирет көтөрүлүп, бирок чечилбей келген. Батирдин берилишине Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин президентке, өкмөткө кайрылуусу себеп болгон.