Талапкер өкмөт программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады

Мухаммедкалый Абылгазиев парламент депутаттарына программа тууралуу айтып берип жаткан учуру.

Курамы жаңыдан парламенттин талкуусуна коюлган өкмөт өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады. Аны премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин депутаттарына бүгүн түшүндүрүп жатат. Программада "Жогорку Кеңеш менен өкмөт коомчулуктун колдоосунда президентке көмөктөшүп, мамлекетти өнүктүрүүгө багыт алышы керек" деп жазылган. Парламент бүгүн өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын карап жатат.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент кол койгон соң Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуш кылган. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. (SE)

Түз эфир: Жогорку Kеңеш жаңы өкмөт курамын талкуулоодо.