Баткен облусунда эки күн мурда жүргөн көчкүнү тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыштут айыл аймагына караштуу Сай айылындагы тоодон 18-апрелде саат 23:20да көчкү түшкөн. Топурак кыштакка суу жеткирген каналды жана ички чарбалык жолду жаап койгон. Сай айылында 350 түтүн бар.
Баткен райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Тазалоо иштерине айыл өкмөт башчыга милдеттендирилип, атайын техника тартылды. (SE)